Редакцияот 24.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XIV- сессиясы

 

2023-жылдын 24-марты № 14/49

 

Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун натыйжалары тууралуу Ак-Суу айылдык кеңешинин эсептөө комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде, Ак-Суу айылдык кеңешинин регламентинин 6-главасынын жетекчиликке алып, Ак-Суу айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун натыйжалары тууралуу” Ак-Суу айылдык кеңешинин эсептөө комиссиясынын 2023-жылдын 24-мартындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).

Курманбеков Улутбек Абдылдабекович Аксы районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды деп табылсын.

2. Ушул токтом Ак-Суу айылдык кеңешинин расмий веб-сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүүгө жиберүү жагы жооптуу катчы У.Наркуловага милдеттендирилсин.

4.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу:

У.А.Эпеев

 

Тиркеме

(Ак-Суу айылдык кеңешинин

2023-жылдын 24-мартындагы

№ 14/49 токтомуна)

 

 

 

 

2023-жылдын 24-марты

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫН ШАЙЛОО

 

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ, АКСЫ РАЙОНУ

АК-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫ

(облустун, райондун, аймактын аталышы)

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫН ШАЙЛООНУН НАТЫЙЖАЛАРЫ

ЖӨНҮНДӨ П Р О Т О К О Л

 

Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун натыйжаларын аныктоо

 

1. 2023-жылдын 24-мартындагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо болуп өттү деп табылсын (Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор жана жыйынды таблицалар тиркелет).

2. Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленди жана №1 таблица түрүндө сунушталат.

 

№1 таблица

 

 

№

 

 

Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты

 

Шайлоочулардын талапкер үчүн берген добуштарынын саны

1

Курманбеков Улутбек Абдылдабекович

14

2

Баарына каршы

1

 

3. Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасын шайлоочулардын (депутаттардын) жалпы эсеби төмөнкүдөй аныкталды (№2 таблица):

 

№2 таблица

 

 

№

 

 

Аталышы

Саны

1

Депутаттардын жалпы саны

21

2

Добуш берүүгө катталды

17

3

Добуш берди

16

4

Жарактуу добуштар

15

5

Жараксыз добуштар

1

 

4. Шайлоонун натыйжалары боюнча Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы болуп төмөнкү талапкер шайланды (№3 таблица):

 

№3 таблица

 

 

№

 

 

Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты

 

Шайлоочулардын талапкер үчүн берген добуштарынын саны

6

Курманбеков Улутбек Абдылдабекович

14

 

 

Протокол 2023-жылдын «24» марты_____ саат ____ мүнөттө түзүлдү.

Ак-Суу айылдык кеңешинин эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн кол тамгалары

 

 

1.

Төрайым

 

 

 

Сатибекова Г.К.

 

 

 

(колтамга)

 

(Фамилиясы, А.А.)

2.

Катчы

 

 

 

Нарыналы уулу К.

 

 

 

(колтамга)

 

(Фамилиясы, А.А.)

3.

Мүчөлөр

 

 

 

Таштаналы уулу А.

 

 

 

(колтамга)

 

(Фамилиясы, А.А.)