Редакцияот 12.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 12-апрели № 164

2024-жылдын 9-февралында Анкара шаарында кол коюлган 1992-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түрк Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобиль катнашы жөнүндөгү келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Протоколду бекитүү тууралуу

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2024-жылдын 9-февралында Анкара шаарында кол коюлган 1992-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түрк Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобиль жөнүндөгү келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө тиркелген Протокол бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги түрк тарапка аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров