Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын “23” июлундагы № 04-13/246 буйругуна 1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы “Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы” мамлекеттик ишканасынын Уставы (Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 04-13/94 буйругунун редакциясына ылайык) 1. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы агенттиктин алдындагы “Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы” мамлекеттик ишканасы (мындан ары – Ишкана) чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында иштеген өз алдынча юридикалык жак болуп саналат. (Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 04-13/94 буйругунун редакциясына ылайык) 2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органынын актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат. 3. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат. 4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы саналат. 5. Ишкананын толук расмий аталышы: мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы “Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы” мамлекеттик ишканасы”; расмий тилде: «Государственное предприятие «Кыргызская комплексная гидрогеологическая экспедиция» Службы водных ресурсов при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики». Кыскартылган аталышы: мамлекеттик тилде: “ККГГЭ” МИ”; расмий тилде: «ГП «ККГГЭ». Ишкананын юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токтоналиева 4а көчөсү. (Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 04-13/94 буйругунун редакциясына ылайык) 6. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу. 7. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу. 8. Ишкананын бекитилген тартиптеги мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, бланктары жана башка атрибуттары бар. 9. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдикти (гарантия) өзүнө алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. 10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Ишкананын пайдасынын бир бөлүгүн алууга укуктуу. 11. Ишкананын бөлүмдөрү өздөрү бекиткен жоболордун негизинде иштейт. Ишкана өзүнүн өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын ишмердүүлүгү үчүн толук жоопкерчилик тартат. 12. Ишкананын түзүмүнө “Ош гидрогеологиялык партиясы” Түштүк филиалы жана “Сокулук гидрогеологиялык партиясы” Түндүк филиалы кирет. “Ош гидрогеологиялык партиясы” Түштүк филиалынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, “Туран” кичи району, үй номери жок. “Сокулук гидрогеологиялык партиясы” Түндүк филиалынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Сокулук району, Сокулук айылы, Белинский көчөсү, үй номери 203. (Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 04-13/94 буйругунун редакциясына ылайык) 13. Ишкана ишмердүүлүгүн суу чарба тармагынын гидрогеология бөлүгүндө ишке ашырат. 2. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары 14. Ишкананын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат: стратегиялык маанидеги анын ичинен гидрогеологиялык жана инженердик гидрогеологиялык чөйрөдөгү, кызмат көрсөтүү жана жумуштарды жүргүзүүдө мамлекеттин, юридикалык жана жеке тараптардын керектөөсүн канаттандыруу; кызмат көрсөтүү жана жумуштарды, товарларды өндүрүү боюнча тике мамлекеттик заказдарды аткаруу; жер астындагы суу ресурстарын башкаруу жана аларды пайдаланууну жөнгө салуу; республикалык маанидеги социалдык багыттагы долбоорлорду жана мамлекеттик программаларды ишке ашыруу. (Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 04-13/94 буйругунун редакциясына ылайык) 15. Ишкананын функциялары болуп төмөнкүлөр саналат: |