Редакцияот 12.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер  Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 164

 токтому менен бекитилди

 

1992-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түрк Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобиль катнашы жөнүндөгү келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ПРОТОКОЛ

Анкара шаары, 2024-жылдын 9-февралы

Мындан ары Келишим түзүүчү тараптар деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтү,

өлкөлөр ортосундагы жана алардын өлкөлөрү аркылуу транзит менен эл аралык жүк ташууларды көбөйтүү максатында

1992-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түрк Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобиль катнашы жөнүндөгү келишимге (мындан ары - Келишим) төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берди:

1-берене.

Келишимдин 2-статьясында көрсөтүлгөн "уруксат" деген термин төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Уруксат" деген термин Келишим түзгөн тараптардын биринде катталган автотранспорт каражатына үчүнчү өлкөлөргө/үчүнчү өлкөлөрдөн жүктөрдү ташууга же бош транспорт каражатына жүктөө үчүн кирүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү, ошондой эле электрондук түрдө таризделиши мүмкүн болгон экинчи Келишим түзгөн тараптын берилген уруксатын билдирет.".

2-берене.

Келишимдин 12-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Келишим түзгөн тараптардын биринин автотранспорт каражаттары үчүн Келишим түзгөн тараптардын мамлекеттеринин ортосунда же аймактары аркылуу транзит менен жүктөрдү ташуу үчүн уруксат же квота каралбайт.

Келишим түзгөн тараптардын биринде катталган бош транспорт каражаты өзүнүн өлкөсүнө же үчүнчү өлкөгө жүктөрдү ташуу үчүн экинчи Келишим түзгөн тараптын аймагына бул максат үчүн багытталган уруксатсыз кире албайт.".

3-берене.

Келишимдин 13-статьясынын экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

4-берене.

Келишимдин 14-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Келишим түзгөн тараптардын транспорт каражаты Келишим түзгөн тараптардын аймагынан/аймагына үчүнчү өлкөлөргө/үчүнчү өлкөлөрдөн жүктөрдү экинчи Келишим түзгөн тараптын компетенттүү органдарынын бул максат үчүн багытталган уруксатысыз ташый албайт.".

5-берене.

Келишимдин 24-статьясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Бул Келишимди аткаруу үчүн жооптуу компетенттүү органдар болуп төмөнкүлөр саналат:

- Кыргыз Республикасында:

а) транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;

б) 15-берененин биринчи абзацы боюнча - ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;

в) 15-берененин экинчи абзацы боюнча - ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу орган;

- Түркия Республикасында - Түркия Республикасынын Транспорт жана инфраструктура министрлиги.".

6-берене.

Ушул Протокол Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана Келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат.

Ушул Протокол Келишим түзүүчү тараптар Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон өздөрүнүн мамлекеттик ички жол-жоболору аяктагандыгы жөнүндө бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу кабарлаган. акыркы кат жүзүндөгү кабарлоону алган датадан 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

2024-жылдын 9-февралында Анкара шаарында кыргыз, түрк, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей аутенттүү болуп саналат.

Ушул Протоколдун текстинин жоболорун чечмелөөдө же колдонууда кандайдыр бир кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн

 

Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн

 

 

 

Тилек Текебаев

 

Абдулкадир Уралоглу