Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Суу ресурстары, айыл чарба
жана кайра иштетүү өнөр жайы
министрлигинин 2024-жылдын “23” июлундагы № 04-13/246 буйругуна 2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу суу ресурстары кызматынын алдындагы “Насостук-күч жабдууларын оңдоо боюнча эксперименттик завод” мамлекеттик ишканасынын Уставы
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу суу ресурстары кызматынын алдындагы “Насостук-күч жабдууларын оңдоо боюнча эксперименттик завод” мамлекеттик ишканасы чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органынын актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруу документи Устав болуп саналат. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу суу ресурстары кызматы эсептелет.
5. Ишкананын өзүнүн фирмалык аталышы болот:
- мамлекеттик тилде: “Насостук жана электр жабдууларын оңдоо боюнча эксперименттик завод” мамлекеттик ишканасы;
- расмий тилде: Государственное предприятие «Экспериментальный завод по ремонту насосно-силового оборудования».
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: “НЖО заводу” МИ;
- расмий тилде: ГП «Завод НСО».
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Араван шоссеси 8км.
6. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсеп жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү түзүүгө, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
7. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.