Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Суу ресурстары, айыл чарба
жана кайра иштетүү өнөр жайы
министрлигинин 2024-жылдын “23” июлундагы № 04-13/246 буйругуна 3-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматына караштуу “Сууавтоматика жана метрология” конструктордук-технологиялык долбоорлоо институтунун” мамлекеттик ишканасынын
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматына караштуу “Сууавтоматика жана метрология” конструктордук-технологиялык долбоорлоо институтунун” мамлекеттик ишканасы (мындан ары – Ишкана) чарба жүргүзүү укугунда негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруучу - укуктук фирмасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тармактык мамлекеттик органынын актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруучу документи болуп Устав саналат. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы саналат.
5. Ишкананын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Сууавтоматика жана метрология» конструктордук-технологиялык долбоорлоо институту” мамлекеттик ишканасы;
- расмий тилде: Государственное предприятие Проектно- конструкторский и технологический институт «Водавтоматика и метрология».
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: «Сууавтоматика жана метрология» КТДИ МИ;
- расмий тилде: ГП ПКТИ «Водавтоматика и метрология».
6. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсептин жана өзүн-өзү каржылоонун принциптеринде иш алып барат, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү түзүүгө, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
7. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелеринде эсептешүү жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
8. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.