Редакцияот 16.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыштут айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 16-июлу № 19

2024-2025-окуу жылына карата Сай айылындагы “Баластан” балдар бакчасына кошумча 2 тайпа ачууга макулдук берүү жөнүндө.

   Кыштут айылл өкмөтүнө караштуу Сай айылындагы “Баластан” балдар бакчасынын директорунун 2024-жылдын 24-июнундагы №6-катынын негизинде жана айылдык кеңештин төрагасы С.Суюуновтун оозеки  баяндамасын угуп ,жана талкуулап. Кыштут айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги I V сессиясы

Токтом кылат:

  1. Кыштут айыл өкмөтүнө караштуу Сай айылындагы “Баластан” балдар бакчасына кошумча 2 тайпа ачууга макулдук берилсин.
  2. Кошумча штаттык бирдик берүү жагы Баткен райондук билим берүү мекемесинен суралсын.

3.  Ушул токтомдун аткарылышы Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эркебаевке            милдентендирилсин.

       4.  Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын..

 

 

Төрага

С.Суйунов