АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
АК-Сай айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2024-жылдын 25-апрели №49
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Мизам уулу Бактыярдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү максатында, бир канча талкуулардын жыйынтыгынын негизинде, Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аппарат бөлүмүнүн 2215-беренесинен 2222-беренесине 200 000 (эки жүз миң)сом жылдырылып берилсин.
2. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аппарат бөлүмүнүн 2215-беренесинен кенемте бөлүмүнүн 2721-беренесине 100 000 (жүз миң) сом жылдырылып берилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн аппарат бөлүмүнүн 2215-беренесинен 2214-беренесине 75 000 (жетимиш беш миң) сом жылдырылып берилсин.
4. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин финансы, бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеӊешинин тѳрагасы |
К.Халматов |