Редакцияот 25.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

АК-Сай айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы

 

2024-жылдын 25-апрели  №50

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн балансасында турган Капчыгай айылындагы Капчыгай №1 насостук бекетин Баткен башкы суу чарба башкармалыгына  өткөрүп берүү жөнүндө

 

    “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Ак-Сай айыл аймагынын Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы токтом кылат:

 

  1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Капчыгай айылындагы Капчыгай №1 насостук бекети 500м2 жер аянты имараты жана 1х600 п/м суу түтүкчөлөрү мамлекеттик менчикке алынып, суу чарба кызматынын Баткен башкы суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп берилсин.

 

  1. Токтом айыл өкмөтү тарабынан каттоодон өткөрүлүп, Ак-Сай айылдык кеңешинин веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин өнөр жайы, курулуш, транспорт, соода байланышы, энергетика, суу менен камсыздоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго жүктөлсүн.

Айылдык

Кеӊешинин тѳрагасы

 

К.Халматов