АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
АК-Сай айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2024-жылдын 25-апрели №54
Ак-Сай айыл өкмөтүн аймагындагы мектептерге көмөкчү чарба үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы №46 токтомун ишке ашыруу үчүн окуучулардын тамактануусунун сапатын жакшыртуу максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы токтом кылат:
- Ак-Сай айыл өкмөтүнүн карамагындагы жер участокторунан Ак-Сай айыл аймагындагы мектептерге көмөкчү чарба үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл-чарба, агро-өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеӊешинин тѳрагасы |
К.Халматов |