АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
АК-Сай айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2024-жылдын 30-апрели №55
Ак-Сай айыл аймагындагы жайыт жерлерге мыйзамсыз курулуш курулган жер аянттарын бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү тууралуу” №291 токтомун, Ак-Сай айыл аймагынын тургундарынын кайрылуусун карап чыгып, Ак-Сай айылдык кеңешинин жер комиссиясынын чечиминин жана Ак-Сай айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде, Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XI сессиясы токтом кылат:
- Ак-Сай айыл аймагынын Баткен регионалдык шаар курулушу жана архитектура башкармасынын жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба Министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Баткен филиалынын корутундусунун негизинде мыйзамсыз салынып калган турак үйлөрдүн жана жер аянттарын 0,12 га өлчөмүндө бекитип берүүгө макулдук берилсин
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл-чарба, агро-өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеӊешинин тѳрагасы |
К.Халматов |