Редакцияот 30.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

АК-Сай айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы

 

2024-жылдын 30-апрели  №56

Ак-Сай айыл аймагынын Төө-Таш жерлигиндеги 1,72га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын , транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” №145 Мыйзамына ылайык, 2024- жылдын 25-январында райондук комиссия тарабынан жайында барып тактоо иштеринин корутундусунун жана Баткен райондук администрациясынын 2024-жылдын 01-февралындагы №01-27/129 сандуу катын карап чыгып, Ак-Сай айылдык кеңешинин жер комиссиясынын чечиминин негизинде Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XI сессиясы токтом кылат:

 

  1. Ак-Сай айыл аймагынын Төө-Таш жерлигиндеги Имаркуловдун Аширали Авазбековичдин жеке менчигиндеги №7 контурунда жайгашкан 1,72га жайыт жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын , транспорттун, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго жүктөлсүн.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл-чарба, агро-өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.       

Айылдык

Кеӊешинин тѳрагасы

 

К.Халматов