АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
АК-Сай айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2024-жылдын 30-апрели №57
Ак-Сай айыл аймагынын Миң-Булак айылынын тургуну Жолдошов Өскөнбай Туйгуновичдин өздөштүргөн жеринин түрүн өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” №145 Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жерлерди бир котегориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башка түрүнө которуунун (трансформациялоонун) тартиби” жөнүндөгү Жобону бекитүү тууралуу 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтомунун, Баткен райондук администрациясынын 2020- жылдын 22-декабрындагы №397-б буйругунун негизинде түзүлгөн комиссиянын корутундусунун негизинде Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XI сессиясы токтом кылат:
- Ак-Сай айыл аймагынын Миң-Булак айылынын тургуну Жолдошов Өскөнбай Туйгуновичдин өздөштүргөн жер аянтына көп жылдык бактар тигилгендигине байланыштуу №1102-контурундагы 1,65га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы таштуу жайыт жер түрүнөн “Көп жылдык бактар” түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл-чарба, агро-өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеӊешинин тѳрагасы |
К.Халматов |