АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XV- сессиясы
2023-жылдын 12-майы № 15/65
О.Асанов маданият үйүн бош залынан ижарага берүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде айыл өкмөтүнүн жер адисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айылынын Оро-Терек участкаснын тургуну Бердалы уулу Марлен Ак-Суу айылындагы О.Асанов маданият үйүнүн бош турган залынан 15 (он беш) орундуу швейный цех орнотуп жеке ишерлик жасоого ижарага берилсин.
2. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом кол койулган күндөн тартып күчүнө кирет:
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Жолдубай уулу Жоомартка милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык комитетинин төрагасы Н.Кайдалиевке жүктөлсүн.
Төрага | У.А.Курманбеков |