АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XV- сессиясы
2023-жылдын 12-майы № 15/70
Ак-Суу айыл өкмөтүнө жана Ак-Суу айылдык Кеңешине расмий интернет сайтын ачуу жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчынын сунушун эске алуу менен Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айылдык кеңешинин токтомдорун жарыялоо үчүн жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн маалыматтарын калкка өз убагында маалымат алуу үчүн жеткиликтүү болуу максатында расмий интернет сайты 10 (он) жумушчу күн аралыгында ачылсын.
2. Бул расимй интернет сайтын ачуу үчүн кеткен каржы чыгымдарын Ак-Суу айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтом кол койулган күндөн тартып күчүнө кирет:
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
Төрага | У.А.Курманбеков |