Редакцияот 10.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XVI- сессиясы

 

2023-жылдын 10-июлу № 16/85

Ак-Суу айыл аймагына таза суу долбоору жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп, Ак-Суу айылынын тургундарынан жана мекеме-ишканаларынан келип түшкөн кайрылуулары, арыздары боюнча талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Суу айыл аймагынында Ак-Сай айылынын Көгүчкөн-Суу участкасынан айылга таза суу түтүкчөсүн тартууга 2024-жылга долбоор иштелип чыксын.

2. Долбоор жазуу жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.

3. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

4. Ушул токтом кол койулган күндөн тартып күчүнө кирет:

5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын оорун басары У.Эпеевге жүктөлсүн.

 

  

Төрага

У.А.Курманбеков