АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XVI- сессиясы
2023-жылдын 10-июлу № 16/86
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинин II жарым жылдыгынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде, Ак-Суу айыл өкмөтүнүн сунушун эске алуу менен Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетининкиреше бөлүгүнүн 14151200 “Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйым” беренеси боюнча жылдык план 1655,0 (бир миллион алты жүз элүү беш миң) сомду түзөт жана 2023-жылдын 10-августунааткарылышы боюнча 3519, 0(үч миллион беш жүз он тогуз миң) пландан сырткары түшкөн 1800,0 (бир миллион сегиз жүз) сом өлчөмүндөгүакча каражаттын айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн III-кварталынын планын көбөйтүү жагы каралсын.
2. Айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин мамилекеттик сатып алуулар боюнча жүргүзүлгөн иш аракетинин натыйжасында 70629 ”Башка турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр”- бөлүмүнүн 3111 “Имараттар жана курулуштар”-беренесинен үнөмдөлгөн акча каражаттарын айыл өкмөттүн учурдагы төмөнкү муктаждыктарына пайдалануу жагы каралсын:
- Айыл өкмөтүнүн чарбалык муктаждыктарына- 80000 (сексен миң) сом.
- Балдар бакчасына көмүркана курууга- 110620 (жүз он миң алты жүз жыйырма) сом.
- К.Шеркулов мектебинин электр чубалгыларын жаңыртуу үчүн- 17600 (он жети миң алты жүз) сом.
- Кызы-Жар12 авто жолунаАк-Суу айылына бурулган жерине айылдын аталышын орнотуу үчүн- 50000 (элүү миң) сом.
3. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет;
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Изираил уулу Тыналыга милдеттендирилсин.
Төрага | У.А.Курманбеков |