Загрузка документа…
БАЙТИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27 ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ БАЙТИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
13 ЖЫЙЫНЫ
2018-жылдын 29-майы № 56
«Индустриялык логистикалык борборду куруу үчүн айыл чарба багытындагы кайрак айдоо жер категориясындагы жерди өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү»
Жаран Алымов Данияр Бектурсуновичтин жана Иманкулова Джамилия Асанхановнанын Байтик айылында № 632 контурда жайгашкан, жеке менчикте турган 0,50 га жер участогун айыл чарба багытындагы (кайрак айдоо жер) жерлер категориясынан өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына трансформациялоо мүмкүнчүлүгүн кароо жөнүндө кайрылуусун талкуулап жана карап, Байтик айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байтик айылында № 632 контурда жайгашкан Алымов Данияр Бектурсуновичтин жана Иманкулова Джамилия Асанхановнанын менчигинде турган, жалпы аянты 0,50 га жер участогун индустриялык логистикалык борборду куруу үчүн айыл чарба багытындагы (кайрак айдоо жер) жерлер категориясынан өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына жер участогун айыл чарба багытындагы (кайрак айдоо жер) жерлер категориясынан өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которуу жөнүндө өтүнүч берилсин.
Байтик айылдык кеңешинин төрөгасы |
| Э. Момункулов |