АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XVII сессиясы
2023-жылдын 31-июлу № 17/88
Мамыралиева Апал Үпөл жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Айыл өкмөт башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагынын тургундары Миңбаева Жумагүл, Топчуалиев Бердалы Ысык-Көл облусундагы “Алтын-Балалык” реабилитациялык борборуна, Ыман-Ата участкасынын тургундары Мамыралиева Апал жана Үпөл ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар Ысык-Көл обулусунун Ысык-Көл районундагы Сары-Ой айылында жайгашкан “Жалын” балдардын ден соолугун чыңдоо борборуна жиберүү жагы каралсын.
2. Транспорт жана жолдо тамактануу чыгымдарын эсептеп төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы–экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Нурбековага жүктөлсүн.
3. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет;
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы социалдык комитетинин төрайымы Т.Өмүралиевага милдеттендирилсин.
Төрага | У.А.Курманбеков |