АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XVIII сессиясы
2023-жылдын 18-сентябры № 18/91
Жарандардын арызына негиз материалдык жардам берүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп, Ак-Суу айылынын тургундарынан жана мекеме-ишканаларынан келип түшкөн кайрылуулары, арыздары боюнча талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айылынын тургундары, материалдык жактан муктажүй-бүлөлөрдүн арызы боюнча төмөнкү жарандарга керектүү акча каражаты муктаждыкка жараша материалдык жардам иретинде бөлүп берүү жагы каралсын.
Тынаев Бактыбай 10,0 (он миң) сом
Айдаралиев Темирбек 5 ( беш миң) сом
Жабаев Ыманкул 10,0(он миң) сом
Күзөбаева Урумкан 10,0(он миң) сом
Арстанбеков Тынчтыкбек 5 (беш миң) сом
В-20 боюнча 88,0(сексен сегиз миң) сом
2. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет:
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Изираил уулу Тыналыга милдеттендирилсин.
Төрага | У.А.Курманбеков |