Редакцияот 19.07.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Шарк айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектеги X сессиясы

 

2022-жылдын 19-июлу     № 4

Медресе айылынын Бак көчөсүнө Мамытов Токонун наамын берүү жөнүндө

 

Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын Медресе айылынын Бак көчөсүнүн жашоочуларынын кайрылуусунун негизинде Шарк айылдык Кеңешинин социалдык коргоо жана маданий маселелер боюнча комитетинин сунушун эске алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги Х сессиясы

 

Токтом кылат:

 

1. Медресе айылынын Бак көчөсүнө Мамытов Токонун наамы ыйгарылсын.

2. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-октябрындагы  № 228 "Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү жөнүндө” токтому менен чектелген мөөнөттөн кийин 2023-жылдын 1-январынан баштап ишке ашырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин социалдык коргоо жана маданий маселелер боюнча комитетине тапшырылсын.

 

Шарк айылдык кеңешинин төрагасы

С. Абзалов