Редакцияот 18.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XVIII сессиясы

 

2023-жылдын 18-сентябры № 18/92

Жер участкаларын алуучуларды кезеке коюу жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде айыл өкмөтүнүн жер адисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Суу айыл аймагынын тургундары Сартаев Аскар Мор-Булак айылынан, Куттубеков Кенжебек Ак-Сай айылынан, Алтынбек кызы Аксана, Жаналиев Чыңгыз, Кубанычбек уулу Данияр Коргон-Дөбө айылы, Орозалы уулу Сыймык Ыман-Ата айылы арыздарына негиз, жер участкасын алуучулардын кезек китебине каттоого алынсын.

2. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет:

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык комитетинин төрагасы Н.Кайдалиевке жүктөлсүн.

 

 

Төрага

У.А.Курманбеков