Редакцияот 19.07.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Шарк айылдык кеңешинин (VII шайланган) кезектеги X сессиясы

 

2022-жылдын 19-июлу     № 5

Шарк айылында, Ачы массивинде

көрүстөндөрдүн аянттарын бекитүү жөнүндө

 

Шарк айылындагы «Сары Мазар» көрүстөнү толуп калганына байланыштуу Ачы массивинде жаңы көрүстөндү ачуу муктаждыгынан Шарк айылдык кеңешинин Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген маалыматын эске алып, Шарк айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын кезектеги Х сессиясы

 

Токтом кылат:

 

1. Шарк айылындагы №170 контурунан 5,0 (беш) гектар жер аянты жана Ачы массивиндеги №25а жер контурунан 12,0 гектар жер аянты көрүстөн катары колдонууга бекитилип берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылдык Кеңешинин Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Шарк айылдык кеңешинин төрагасы

С. Абзалов