АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XVIII сессиясы
2023-жылдын 18-сентябры № 18/98
Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу багытында сураган жер тилкеси жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде айыл өкмөтүнүн жер адисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мор-Булак айылынын тургундары Ж.Шабданкулов, Б. Абишов, Г.Тиленбаев, Нурадин уулу Дастан Мор-Булак айылынын латоктун үстүнөн 10 (он)гадан 40(кырк)га жер аянтын асылдуулугу төмөн жайыт эсебидеги жерден жашылдандырууга берүү жагы мыйзам чегинде айыл өкмөткө жүктөлсүн.
2. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет:
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык комитетинин төрагасы Н.Кайдалиевке жүктөлсүн.
Төрага | У.А.Курманбеков |