Редакцияот 18.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XVIII сессиясы

 

2023-жылдын 18-сентябры № 18/99

Ишкерлик жүргүзүү жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде айыл өкмөтүнүн жер адисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Суу айыл аймагынын Мор-Булак айылынын тургуну Тургуналиев Аскаттын арызынын негизинде, жеке ишкер каттоосунан өтүп ишкер тастыктоочу докментин алгандан кийин, ишкерлик жүргүзүүчү жерин мыйзам чегинде берүү жагы айыл өкмөткө жүктөлсүн.

2. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет:

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык комитетинин төрагасы Н.Кайдалиевке жүктөлсүн.

 

Төрага

У.А.Курманбеков