Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 9-августу № 462
2024-2029-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын жайыттарын өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2024-2029-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын жайыттарын өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) 1-тиркемеге ылайык;
2) Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
3) Программаны ишке ашырууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү индикаторлорунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык;
4) Программанын бюджети 4-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
- Иш-чаралар планын толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча чараларды көрсүн;
- жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Иш-чаралар планын аткаруу боюнча жыйынды маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
| А.Касымалиев |
|
| 2-тиркеме |
2024-2029-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын жайыттарын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Аткаруучулар | Каржылоо булагы | Күтүлүүчү натыйжа |
1-глава. Жайыт чарбасын туруктуу башкаруу | ||||||
1 | 1.1. Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | 1.1.1. Ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу | 2024-2029-жж. | САЧКӨМ, АТМЧЖТД | Талап кылынбайт | Жаңы ченемдик укуктук актылар иштелип чыкты |
1.2. Жайыттарды башкарууда мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын, жергиликтүү жамааттын күчтөрүн жана каражаттарын бириктирүү | 1.2.1. Санариптештирүүнү киргизүү менен айыл чарба долбоорлорун башкарууну колдоо | 2024-2029-жж. | САЧКӨМ, АТМЧЖТД, АЧДИБ, РАӨБ, донорлор (макулдашуу боюнча) | Тартылган каражаттар | Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу жаатында мамлекеттин бирдиктүү саясатын ишке ашырууда потенциал жогорулады | |
12.2. Жайыттарды туруктуу башкарууну өркүндөтүү үчүн инвестицияларды тартуу | 2024-2025-жж. | Тартылган каражаттар | Тартылган инвестициялар | |||
1.3. Жайыт инфраструктурасын реабилитациялоо | 1.3.1. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планына ылайык жайыт инфраструктурасын жакшыртуу боюнча чараларды ишке ашыруу | 2025-2029-жж. | ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча) | ЖӨБ органдарынын бюджетинин чегинде | Жайыттардын инфраструктурасы реабилитацияланды | |
1.4. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү | 1.4.1. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын ишке ашыруу боюнча аткаруунун жүрүшүн жана натыйжалуулугун баалоо | 2025-2029-жж. | САЧКӨМ, АТМЧЖТД | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин чегинде | Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планына, иш-чараларды ишке ашырууга жана ресурстарды салуунун натыйжалуулугуна баа берүүгө туруктуу мониторинг жүргүзүлүп турат | |
1.5. Тоют жайыт чөптөрүнүн үрөнчүлүгүн өнүктүрүү | 1.5.1. Тоют жайыт чөптөрүнүн үрөндөрүн өстүрүү жана сатуу | 2024-2029-жж. | САЧКӨМ, РАӨБ, КМЧЖИИИ, АЧӨБЭД, ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча) | Тартылган каражаттар | Жайыт чөптөрүнүн үрөнчүлүгү өнүгүүдө | |
1.6. Жайыт жерлеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу. Деградацияланган жайыттарды калыбына келтирүү | 1.6.1. Жайыттарга үрөн себүү | 2024-2029-жж. | САЧКӨМ, АТМЧЖТД, РАӨБ, КМЧЖИИИ, ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча) | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин чегинде | Жайыттардын түшүмдүүлүгү жогорулады; жайыт чөптөрүнүн курамынын сапаты жакшырды | |
1.6.2. Органикалык жер семирткичтерди пайдалануу менен жайыттардын топурагын жакшыртуу | 2025-2028-жж. | САЧКӨМ, ЖРЭТКМ, АТМЧЖТД, Жер агенттиги, АЧДИБ, КДИИ, КМЧЖИИИ, жеке өнөктөштөр | Тартылган каражаттар | Деградацияланган жайыттардын потенциалы жогорулады жана топурактын сапаты жакшырды | ||
1.6.3. Жайыт жерлерин сугаруу, жер семирткичтерди натыйжалуу пайдалануу жана үрөн себүү боюнча тренингдерди өткөрүү | 2024-2029-жж. | САЧКӨМ, Жер агенттиги, АТМЧЖТД, АЧДИБ, РАӨБ, КМЧЖИИИ, жеке өнөктөштөр, ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча) | Тартылган каражаттар | Бардык региондордо калктын социалдык жактан аялуу катмарын жана гендердик балансты эске алуу менен адистердин билимин жакшыртуу, үрөндөрдү себүү жана жайыттарды сугаруу боюнча тренингдер өткөрүлдү | ||
1.6.4. Алтыгана-карагана бадалына каршы күрөшүү боюнча практикалык иштерди жүргүзүү | 2024-2029-жж. | САЧКӨМ, ЖРЭТКМ, УИА, ӨХККД, АТМЧЖТД, КМЧЖИИИ, жеке өнөктөштөр | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин чегинде | 2 миң га алтыгана-карагана бадалы менен булганган жайыттар кыскарды | ||
ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча) | Тартылган каражаттар | |||||
1.6.5. Жайыттарды ротациялык ыкма менен пайдаланууну өнүктүрүү (Жайыттарды эс алдыруу) | 2024-2029-жж. | САЧКӨМ, АТМЧЖТД, ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча) | ЖӨБ органдарынын бюджетинин чегинде | 1065,0 миң га жайыт эс алдырууга калтырылды | ||
2-глава. Жайыттардын климаттын өзгөрүшүнө адаптациясы | ||||||
2 | 2.1. Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | 2.1.1. Улуттук деңгээлде аныкталган салымды ишке ашыруу программасынын долбооруна климаттын өзгөрүшүнө жайыттарды адаптациялоо боюнча сунуштарды киргизүү | 2024-2025-жж. | САЧКӨМ, ЖРЭТКМ, КМЖИИИ, АТМЧЖТД | Талап кылынбайт | Улуттук деңгээлде аныкталган салымды ишке ашыруу программасынын долбооруна климаттын өзгөрүшүнө жайыттарды адаптациялоо боюнча сунуштар киргизилди |
2.2. Гидрометеорологиялык кубулуштардын (селдер) кесепеттерин азайтуу чаралары жана прогноздук продукцияны чечмелөө боюнча айыл чарба адистеринин, малчылардын жана фермерлердин потенциалын жогорулатуу | 2.2.1 .Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу маселелерди чечүүдө эл аралык коомчулуктун демилгелерине катышуу. Малчыларды жана фермерлерди окутууну ишке ашырат | 2024-2029-жж. | САЧКӨМ, АТМЧЖТД, | Тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жана ЖӨБ органдарынын бюджетинин чегинде | Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу маселелерди чечүүдө эл аралык коомчулуктун демилгелерине катышуу ишке ашырылды; тиешелүү чөйрөнүн адистерин тартуу менен фермерлердин жана малчылардын прогноздук продукцияны интерпретациялоо боюнча потенциалы жогорулады | |
Тартылган каражаттар | ||||||
2.3. Кооптуу метеокубулуштардын кесепеттерин азайтуу | 2.3.1. Кооптуу метеокубулуштар (сел, жер көчкү, кар ж.б.) жана алардан коргонуу чаралары тууралуу өз убагында маалымдоо | 2024-2029-жж. | САЧКӨМ, АТМЧЖТД, ӨКМ (Кыргызгидромет), ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча) | Тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жана ЖӨБ оогандарынын бюджетинин чегинде | Кооптуу метеокубулуштардын кесепеттери азайды | |
2.4. Климаттын өзгөрүү шартында жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну жакшыртуу боюнча жаңы ыкмаларды киргизүү | 2.4.1. Метеопрогноздун географиясын кеңейтүү менен жайыт пайдалануучуларга эрте кабарлоо системасынын сайтын жана мобилдик тиркемесин жакшыртуу | 2024-2029-жж. | САЧКӨМ, АТМЧЖТД, ӨКМ (Кыргызгидромет) | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин чегинде | Жаңы ыкмалар жайыттарды натыйжалуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүүдө; эрте кабарлоо системасы (ЭКС) киргизилди жана өркүндөтүлдү | |
Тартылган каражаттар | ||||||
2.4.2. Айыл чарба адистери, малчылар жана фермерлер үчүн прогноздук продукцияны чечмелөө жана кооптуу гидрометеорологиялык кубулуштардын кесепеттерин азайтуу боюнча тренингдерди жана семинарларды өткөрүү | 2024-2029-жж. | САЧКӨМ, ӨКМ, АТМЧЖТД, КМЧЖИИИ, ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча) | Тартылган каражаттар | Малчылар жана фермерлер прогноздук продукцияны чечмелөө боюнча билимге ээ болушту | ||
3-глава. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндө кадрларды даярдоо, квалификациясын жогорулатуу, билимдерин жана көндүмдөрүн өркүндөтүү | ||||||
3 | 3.1. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу маселелери боюнча кадрларды даярдоо | 3.1.1. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу маселелери боюнча адистерди даярдоо боюнча квотаны көбөйтүү | 2024-2029-жж. | САЧКӨМ, БИМ, КУАУ, АТМЧЖТД, КМЧЖИИИ | Тиешелүү министрликтердин, ведомстволордун жана ЖӨБ органдарынын бюджетинин чегинде | Жогорку билимдүү адистер даярдалды |
3.2. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу адистеринин квалификациясын жогорулатуу | 3.2.1. Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун базасында адистерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча туруктуу иштөөчү курстарды түзүү | 2024-2029-жж. | САЧКӨМ, БИМ, АТМЧЖТД, КМЧЖИИИ | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин чегинде | Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун базасында жайыттар боюнча адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу курсу туруктуу иштейт | |
3.3. ЖӨБ, РАӨБ органдарынын адистеринин, жайыт пайдалануучулардын потенциалын жогорулатуу | 3.3.1. ЖӨБ органдарынын адистери, жайыт пайдалануучулар үчүн жайыттарды натыйжалуу башкаруу жана пайдалануу боюнча тренингдерди өткөрүү | 2024-2029-жж. | САЧКӨМ, АТМЧЖТД, РАӨБ, ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча) | Тартылган каражаттар | Адистер жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планын өз алдынча түзүшөт | |
4-глава. Жайыттар чөйрөсүндө илимий, маалыматтык консультациялык камсыздоо | ||||||
4 | 4.1. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндө илимий, маалыматтык жана консультациялык камсыздоо | 4.1.1. Жайыттарды натыйжалуу башкаруу, сарамжалдуу пайдалануу жана абалын жакшыртуу үчүн илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү жана аларды киргизүү | 2024-2029-жж. | УИА, КУАУ, КМЧЖИИИ | Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун бюджетинин чегинде | Жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу жана жакшыртуу боюнча биргелешкен сунуштамалар, корутундулар даярдалды, бул жайыттарды жакшыртуунун илимий негизделген пландарын түзүүгө мүмкүндүк берди |
4.1.2. Маалыматтык бюллетендерди жана брошюраларды чыгаруу, видеороликтерди чыгаруу, Интернеттин жана ЖМКнын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу | 2024-2029-жж. | САЧКӨМ, АТМЧЖТД, КМЧЖИИИ, АЧДИБ, ЖӨБ органдары (макулдашуу боюнча) | Тартылган каражаттар | Маалыматтык бюллетендер жана брошюралар, буклеттер, видеороликтер жана башка материалдар чыгарылып, интернет-сайттарда топтор түзүлдү | ||