Редакцияот 27.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIX сессиясы

 

2023-жылдын 27-сентябры № 19/104

Бюджетке өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизиндеайыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.            Айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджетине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча киреше салыгы пландан 300 (үч жүз миң) сомго ашыкча аткарылгандыгына байланыштуу кошумча план алуу боюнча

- Кыргыз Республикасынын Финансы Министирлигинен үлүш жерлердин салыгынын эсебинен түшкөн 133,8(бир жүз отуз үч миң сегиз жүз) сом каражатты отургузуу боюнча.

- Коргон-Дөбө айылынын Ж.Шерказаков көчөсүнө шагылдоого 1,800 (бир миллион сегиз жүз миң) сом каралган, смета боюнча 1300255(бир миллион үч жүз миң эки жүз элүү беш) сом эсептелгенине байланыштуу,калган 499745(төрт жүз токсон тогуз миң жети жүз кырк беш) сом каражаттын башка беренеге отургузуу.

- “Таң-Шоола балдар бакчасынын 45 орундуу кошумча корпусу ачылбай,ишке кирбей калгандыгына байланштуу 2023-жылдын бюджетинин бекитилген жылдык пландан 174150 (бир жүз жетимиш төрт миң бир жүз элүү) сом өлчөмү кыскартуу айыл өкмөттүн буйругунун негизинде каралсын.

2. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет:

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Изираил уулу Тыналыга милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

У.А.Курманбеков