АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIX сессиясы
2023-жылдын 27-сентябры № 19/110
“Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар жөнүндө 2023-жылдын 9-августу № 175 Мыйзамына ылайык “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагына социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн Жоробеков Эркин, Култаева Гүлшаркан Ак-Суу айыл аймагынан “Ардактуу атуулу” наамы көрсөтүлсүн.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет:
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Ж.Жолдубай уулуна милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырам.
Төрага | У.А.Курманбеков |