Редакцияот 12.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезектеги жыйырма экинчи  сессиясы

 

2024-жылдын 12-январы № 22-3

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кара-Кой айылынын Шибели бөлүмүндөгү № 241 контурундагы жайыт жеринин таштак, жараксыз 6000 м кв жер аянтына логистикалык борбор курууга “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кара-Кой айылынын Шибели бөлүмүндөгү № 241 контурундагы жайыт жеринин таштак, жараксыз 6000 м кв жер аянтына логистикалык борбор курууга “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына макулдук берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Кара-Кой айылынын Шибели бөлүмүндөгү № 241 контурундагы жайыт жеринин таштак, жараксыз 6000 м кв жер аянтына логистикалык борбор курууга “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонунун жерлери жана башка багыттагы жерлери” категориясына макулдук берилсин.

2.Трансформациялоого тиешелүү документтерин даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Женишбай у. Э