Редакцияот 02.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясы

 

2024-жылдын 02-марты  № 23-1

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы аткарган иштери боюнча отчётун бекитүү жөнүндө

 

 Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы аткарган иштери боюнча отчётун

бекитүүжөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын  отурумунда  карап жана депутаттардын талкуусун угуп, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна таянып  Кыргыз-Ата айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы аткарган иштери боюнча отчёту “эң жакшы” деп белгиленсин.

 

2.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүү планында көрсөтүлгөн иш чараларды өз убагында аткарууну камсыз кылуу, иштердин аткарылышына жана бүтүшүнө түздөн-түз жооптуу айыл өкмөтүнө  милдеттендирилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, тартип, этика, дин иштери, үй-бүлөнү коргоо, үрп-адат жана каада-салттар боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Женишбай у. Э