КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясы
2024-жылдын 02-марты №23-4
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Борко айылындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги 0,17га жер аянтын “Балык багуу менен эс алуучуларды комплекстүү тейлөөчү” ишкана уюштуруу үчүн ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагынын Борко айылындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги 0,17га жер аянтын “Балык багуу менен эс алуучуларды комплекстүү тейлөөчү” ишкана уюштуруу үчүн ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз-Ата айыл аймагынын Борко айылындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги 0,17га жер аянтын “Балык багуу менен эс алуучуларды комплекстүү тейлөөчү” ишкана уюштуруу үчүн ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2.Ижара берүү боюнча тиешелүү документтерин даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жаратылышты коргоо жана экология боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Женишбай у. Э |