КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясы
2024-жылдын 02-марты №23-5
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2023-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилген Көтөрмө айылындагы А. Эгембердиев атындагы Көтөрмө маданият үйүнө кондиционер сатып алуу долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2023-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилген Көтөрмө айылындагы А. Эгембердиев атындагы Көтөрмө маданият үйүнө кондиционер сатып алуу долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын берген маалыматын угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине негиз Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2023-2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилген Көтөрмө айылындагы А. Эгембердиев атындагы Көтөрмө маданият үйүнө кондиционер сатып алууга Ноокат райондук өнүктүрүү фондуна долбоор даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымга 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты ажыратылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Женишбай у. Э |