Редакцияот 11.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган) кезектеги жыйырма бешинчи сессиясы

 

2024-жылдын 11-майы  №25-1

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2023-жылда үнөмдөлгөн калдык акча каражатын 2024-жылдын бюджетине кайра бөлүштүрүү жөнүндө

 

 Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2023-жылда үнөмдөлгөн калдык акча каражатын 2024-жылдын бюджетине кайра бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин "Экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо" боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын үнөмдөлгөн калдык 6 396 513,5 сом акча каражатын 2024-жылдын бюджетине кайра бөлүштүрүлсүн (1-2-тиркеме тиркелет).

 

2.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын атайын эсебинен үнөмдөлгөн калдык 37071,9 сом акча каражатын 2024-жылдын бюджетине кайра бөлүштүрүлсүн (1-2-тиркеме тиркелет).

 

3.Кыргыз-Ата айыл аймагынын Борко айылындагы Т. Атабаева атындагы көчөсүнө элдин салымы менен чогултулган 2 044 500 сом акча каражаты “Турак-жай коммуналдык чарба” бөлүмүнүн атайын эсебинен планга отургузулсун.

 

4.2024-жылга Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетине калдыкты кошуп каржылануусун айыл өкмөтүнүн башчысы М. Эшполотовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К. Амановго милдеттендирилсин.

 

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Женишбай у. Э

 

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) кезектеги сессиясынын 2024-жылдын 11-майындагы № 25-1 токтомуна 1-тиркеме

2023-жылда үнөмдөлгөн калдык акча каражатын 2024-жылдын бюджетине кайра бөлүштүрүү

№

Чыгаша бөлүмдөрүнүн аталышы

Бөлүм

Атайын каражаттар (миң сом)

Бюджет  (миң сом)

Жалпы бюджет  (миң сом)

1

Жайыт комитети

704-29

 

80,0

80,0

2

Экономикалык суроолор

704-91

 

3 022,4

3 022,4

3

Турак-жай комуналдык чарба

706-29

 

1 500,0

1 500,0

4

Маданият үйү

708-23

 

200,0

200,0

5

Бала бакчалар

709-11

37,1

60,0

97,1

6

Мектептер

709-21

 

1 497,0

1 497,0

 

Жалпы:

 

37,1

6 359,4

6 396,5

Жооптуу катчы

К.Заирова

 

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин (жетинчи шайланган) кезектеги сессиясынын 2024-жылдын 11-майындагы № 25-1 токтомуна 2-тиркеме

2023-жылда үнөмдөлгөн калдык акча каражатын 2024-жылдын бюджетине кайра бөлүштүрүү

№

Аткарыла турган жумуштардын жана кызматтардын аталышы

Сумма

1

Бала бакчаларга тамак-аш (атайын счеттун калдыгы)

37 071,9

2

Көтөрмө айылында жайгашкан Мераж-нуру балдар бакчасынын кенже тайпасынын имаратын жылытуу системасын жакшыртуу

60 000,0

3

Жайыт пайдалануучулар пландан ашыкча аткарган каражатын которуп берүү

80 000,0

4

Кара-Кой айылына логистикалык борбор куруу долбооруна өздүк салым үчүн

1 652 000,0

5

Борко айылынын Т. Атабаева атындагы көчөсүнө асфальттоо долбооруна өздүк салым үчүн

1 500 000,0

6

Ак-Булак айылындагы кичи футбол аянтчасынын чатырын орнотууга өздүк салым үчүн

747 000,0

7

А. Парпиев атындагы гимназиянын жатаканасын капиталдык ремонттон өткөрүүгө өздүк салым үчүн

750 000,0

8

Кыргыз-Ата айылына спорт комплекс куруу долбооруна өздүк салым үчүн

500 000,0

9

Экскаваторду камсыздандыруу үчүн

89 000,0

10

Экскаваторго ковш

81 000,0

11

Экскаватордун транспорттук чыгымы

20 000,0

12

Көтөрмө айылындагы А. Эгембердиев атындагы Көтөрмө маданият үйүнө кондиционер сатып алууга өздүк салым үчүн

200 000,0

13

Ак-Булак айылындагы А. Азимбаев атындагы көчөнү асфальттоого өздүк салым үчүн

500 000,0

14

Кыргыз-Ата айыл аймагына камера орнотууга

180 441,6

 

Жалпы:

6 396 513,5

Жооптуу катчы

К.Заирова