Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-декабры № 63
Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 27 "2022-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, бюджеттик параметрлерди тактоо максатында, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги № 27 "2022-жылга Бишкек шаарынын бюджетин бекитүү жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункттагы "15022517,2", "9647591,7", "1426264,5", "1343945,0", "1262475,5", "1342240,5" деген цифралар тийиштүү "14719757,0", "5851623,1", "2417684,5", "1974029,6", "2399516,1", "2076903,7" деген цифралар менен алмаштырылсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1, 11, 12, 13-тиркемелери ушул токтомдун 1, 11, 12, 13-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;
3) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2 жана 21-тиркемелери ушул токтомдун 2 жана 21-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;
4) 10-пункттун 14-пунктчасында:
- биринчи абзацта "техникалык тейлөөчү персоналына" деген сөздөрдөн кийин "2022-жылдын 1-сентябрына чейин" деген сөздөр менен, "өлчөмүндө үстөк акы" деген сөздөрдөн кийин "жана 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып эмгек акыны жогорулатууну эске албастан эки маяна өлчөмүндө үстөк акы" деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи абзацта "кызматкерлеринин кызматтык маянасына" деген сөздөрдөн кийин "2022-жылдын 1-сентябрына чейин" деген сөздөр менен, "өлчөмүндө үстөк акы" деген сөздөрдөн кийин "жана 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып эмгек акыны жогорулатууну эске албастан бир маяна өлчөмүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
5) 13-пунктта:
- 21-пунктчада "иш үчүн" деген сөздөрдөн кийин "2022-жылдын 1-сентябрына чейин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 22-пунктчада "муниципалдык кызматчыларына" деген сөздөрдөн кийин "2022-жылдын 1-августуна чейин" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 19-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"19. Төмөндөгү мекемелердин кызматкерлеринин кызматтык маяналары белгиленсин:
- "Алтын-Булак" пансионаты" муниципалдык мекемесинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына караштуу "Социалдык жатакана" муниципалдык мекемесинин ушул токтомдун 6 жана 61-тиркемелерине ылайык 2022-жылдын 1-апрелине чейин, ушул токтомдун 10 жана 101-тиркемелерине ылайык - 2022-жылдын 1-апрелинен тартып;
- Бишкек шаарынын "Ардагер" геронтологиялык борборунун 2022-жылдын 1-апрелине чейин ушул токтомдун 62-тиркемесине ылайык.";
7) ушул токтомдун 3 жана 31-тиркемелерине ылайык редакцияда 10 жана 101-тиркемелер менен толукталсын;
8) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 7-тиркемеси ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
9) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 8-тиркемесинде:
- "Шаардык бюджет" бөлүгүндөгү "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына, Новгород көчөсү (Астрахань көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейин) дареги боюнча жолду оңдоого 12425,5 миң сом суммада," деген сөздөр жана цифралар алып салынсын;
- "Суммасы" графасында "517583,5" жана "512425,5" деген цифралар тийиштүү "505158,0" жана "500000,0" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- "Ленин администрациялык району" бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
"
Ленин администрациялык району |
| 21645,1 | |
706 | Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр | "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына Новгород көчөсү (Астрахань көчөсүнөн Тирасполь көчөсүнө чейин) дареги боюнча жолду оңдоого 12425,5 миң сом суммада | 12425,5 |
708 | Эс алуу, спорт, маданият жана дин | Ленин районунун № 5 муниципалдык аймактык башкармалыгына видео көзөмөлдөө тутумуна оңдоо жүргүзүүгө 150,0 миң сом суммада | 150,0 |
709 | Билим берүү | Ленин райондук билим берүү борборуна № 42, № 50, № 57 орто билим берүү мектептерине воркаут-аянттарын жана спорт талааларын курууга 9069,6 миң сом суммасында | 9069,6 |
".
2. Бюджеттик каражаттар боюнча чыгашалардын негизги топтору, кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
| К.Конгантиев |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 28-декабрындагы № 63 токтомуна 1-тиркеме |