Редакцияот 26.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

 Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XXXXIII сессиясы

28 – май 2024 жыл № 28-43\7

 

«Ж-1 зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине ѳзгѳртʏʏнʏ киргизʏʏ жѳнʏндѳ»

 

          Каракол шаарынын муниципалдык мʏлк башкармалыгынын башчысы С.С.Ɵскѳнбаевдин, Ж-1 зонасындагы жер тилкесин бир бѳлʏгʏн башкага которуу жѳнʏндѳгʏ, 2023-жылдын 3-апрелиндеги, чыг:№01-10/281, 2024-жылдын 29-февралындагы, чыг;01-10/101 каттарын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XXXXIII сессиясы,

                                                                 

                                                                    токтом кылат:

 

  1. Ж-1 (жеке турак жай курулуш зонасы) зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине тѳмѳнкʏ ѳзгѳртʏʏ киргизилсин: Каракол шаарындагы, Алышбаев атн.№171 дарегинде жайгашкан, аянты 1671,25 м2, болгон жер тилкеси, Ц-1 (шаардын борборунун коомдук, иштиктʏʏ жана коммерциялык активдʏʏлʏк зонасы) зонасына которулсун.
  2. Каракол шаардык регионалдык, шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:

-Каракол шаарынын курулуш ченемдери жана Эрежелерине кѳрсѳтʏлгѳн ѳзгѳртʏʏнʏ жана толуктоону киргизсин;

-бул токтомдо, кѳрсѳтʏлгѳн обьектти, максаттуу пайдалануу жагынын аткаруусун камсыз кылсын.

3.   М.Ш.Шафигулина:

-Каракол шаарында жерди пайдалануунун курулуш ченемдерин жана Эрежелеринин сакталышын камсыз кылсын;

4.   Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн

      областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

5.   Токтом ММКларда жарыялансын.

6. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.

    Тѳрага                                                                                                     Т.Ж.Акимканов