Редакцияот 26.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын  XXXXIII сессиясы

 

2024-жылдын 28-майындага № 28-43\13

 

«Ж-2А зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине ѳзгѳртʏʏнʏ киргизʏʏ жѳнʏндѳ»

 

          Каракол шаарынын муниципалдык мʏлк башкармалыгынын башчысы С.С.Ɵскѳнбаевдин, Ж-2А зонасындагы жер тилкесин бир бѳлʏгʏн башкага которуу жѳнʏндѳгʏ, 2023-жылдын 03-апрелиндеги, чыг:№01-10/101 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын  XXXXIII сессиясы,

                                                                

                                                                    токтом кылат:

 

  1. Ж-2А (пайдалануунун тʏрлѳрʏ чектелген, индивидуалдуу ʏйлѳрдʏ куруу жана майда мʏйʏздʏʏ малды кармоого уруксаат берилген зонасы) зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине тѳмѳнкʏ ѳзгѳртʏʏ киргизилсин: Каракол шаарындагы, Кыдыр Аке №4/2 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 5159,40 м2 тʏзгѳн жер тилкесинен, аянты 2560,8 м2, жер тилкесин К-1 (коммуналдык жана транспорттук ишканалардын, туруктуу гараждардын жана автопаркттардын аянты зонасы) зонасына которулсун.
  2. Ысык-Кѳл областтык регионалдык, шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:

-Каракол шаарынын курулуш ченемдери жана Эрежелерине кѳрсѳтʏлгѳн ѳзгѳртʏʏнʏ жана толуктоону киргизсин;

-бул токтомдо, кѳрсѳтʏлгѳн обьектти, максаттуу пайдалануу жагынын аткаруусун камсыз кылсын.

3.   Ɵмʏргазы уулу Акылбек:

-Каракол шаарында жерди пайдалануунун курулуш ченемдерин жана Эрежелеринин сакталышын камсыз кылсын;

4.   Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн

      областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

5.   Токтом ММКларда жарыялансын.

6. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.

 

 

        Тѳрага                                                                                                     Т.Ж.Акимканов