САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Атабеков айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги жыйырма биринчи сессиясы
2024-жылынын 19-апрели № 2
“Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жыгач айылындагы кайракы айдоо жер аянтына“Ипподром” курууга жер ажыратып берүү жөнүндө”
Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айыл өкмөтү жана жергиликтүү кеӊештин жер маселеси боюнча комиссия мүчөлөрүнүн 18.04.2024-жыл Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жыгач айылындагы №78 контурундагы 21.0га кайракы айдоо жер аянтына “Ипподром” куруу үчүн айыл чарба жерлери категориясынан өнөр- жайдын, транспорттун , байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер категориясына (трансформациялоого) которууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайпидин Атабеков айыл айылмагынын айыл өкмөтүнүн башчысына мидеттендирилсин.
3.Токтомду юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин катчысына жүктөлсүн.
4.Токтомду www.atabekov-kenesh.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | А.Эралиев |