Редакцияот 15.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

2022-жылдын 15-сентябры № 82

Кыргыз Республикасынын кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобосуна, аймактык шайлоо комиссияларынын резервине келип түшкөн документтерди кароо боюнча Жумушчу топтун 2022-жылдын 23-августундагы чечимине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) 2022-жылдын 20-июнундагы кайрылуусунун аймактык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө жергиликтүү кеңештердин жыйналыштарынын токтомдорунун, саясий партиялардын протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен шаары, Баткен, Ак-Талаа жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын резервине 1-тиркемеге ылайык саясий партиялардан талапкерлер киргизилсин.

2. Кадамжай, Ала-Бука, Чаткал, Майлуу-Суу, Ат-Башы, Өзгөн, Талас, Москва жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын талапкерлери 2-тиркемеге ылайык киргизилсин.

3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

 

 

Н.Шайлдабекова

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 82 токтомуна

1-тиркеме

Баткен облусу

Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилген саясий партиялардын өкүлдөрү

 

№

Фамилиясы Аты Атасынын аты

Ким тарабынан көрсөтүлдү

1

Камбаров Акынбек Осконович

"Жаңы-Доор" саясий партиясы

2

Гайнаев Дастанбек Баситович

"Ыйман Нуру" Адилеттүүлүк жана өнүгүү" саясий партиясы

3

Шерматов Садирдин Тажибаевич

"Замандаш" саясий партиясы

 

Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилген саясий партиянын өкүлү

 

№

Фамилиясы Аты Атасынын аты

Ким тарабынан көрсөтүлдү

1

Иматиллаева Махабат Жолдошбаевна

"Жаңы-Доор" саясий партиясы

Нарын облусу

Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилген саясий партиянын өкүлү

 

№

Фамилиясы Аты Атасынын аты

Ким тарабынан көрсөтүлдү

1

Казиев Токтосун Сатыбалдиевич

"Өнүгүү Прогресс" саясий партиясы

Ош облусу

Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын резервине киргизилген саясий партиянын өкүлү