Редакцияот 15.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

2023-жылдын 15-февралы № 6

2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын, Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө

Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү боюнча Жумгал, Баткен, Ноокат, Кара-Суу, Алай, Кара-Кулжа, Кара-Буура, Жайыл жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын чечими аркылуу берилген сунуштарынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын, Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-февралындагы ПЖ № 19 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек, Көк-Ой айылдык кеңештеринин, Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдык кеңештеринин, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешинин, Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешинин, Ноокат районунун Н.Исанов айылдык кеңешинин, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин, Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык кеңештеринин жана Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин, Аламүдүн районун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Жумгал, Баткен, Ноокат, Кара-Суу, Алай, Кара-Кулжа, Кара-Буура, Жайыл жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен биргеликте калк арасында шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

4. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

 

 

 

Н.Шайлдабекова

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 15-февралындагы № 6 токтомунун

тиркемеси

НАРЫН ОБЛУСУ

Жумгал району

Чаек айылдык кеңеши (мандаттын саны - 21, анын ичинен - 8 аялдар үчүн резерв). Калктын саны - 13519

№ 1 Ак-Татыр, Ак-Секи шайлоо округу (УШК № 4114, 4115)

Борбору: Чаек айыл округунун Ак-Татыр айылы, Рыскул уулу Абаскан № 24 көчөсүндөгү О.Ногойбаева атындагы орто мектебинин имараты.

Шайлоочуларынын саны: 3694

Мандаттын саны: 9. Анын ичинен аял депутаттарына резерв - 3 мандат.

Чек арасы: Чаек айыл округунун Ак-Татыр айылынын калктуу конушу Чет-Кууганды суусуна чейин кирет. Т.Мураталиев, А.Муллоянов, С.Осмоналиев, А.Өмүралиев, К.Алыкулов, К.Осмоналиев,Р.Сартбаев, Бүбү Айша апа, М.Жакыпов, К.Жокеева, Киев, А.Шаменалиев көчөлөрү. Чукур калктуу конушу, Ак-Секи аймагы, М.Рыскулов, Эрматова Зинакан, М.Өмүрзаков, Э.Матыев, Бейшеналиева Осуйпа, Р.Имашова, А.Акматалиев, Мусаев Болоткан көчөлөрү.

№ 2 Чаек шайлоо округу (УШК 4116)

Борбору: Чаек айылы Э.Матыев көчөсү № 74 Т.Турсунбаева атындагы "Сөң-Көл" кинотеатрынын имараты.

Шайлоочуларынын саны: 1473

Мандаттын саны: 4. Анын ичинен аял депутаттарына резерв - 2 мандат.

Чек арасы: А.Акматалиев, Т.Кожогелдиева, Бейшеналиев Дамир, Асанова, Э.Матыев, Ш.Айылчиев, М.Рыскулов, М.Алыбаев, Р.Абдиев, Турсунбаева көчөлөрү.

№ 3 Шортон шайлоо округу (УШК 4117)

Борбору: Чаек айылы Т.Жуматаев № 4 көчөсүндөгү Жумгал суу курулуш имараты.

Шайлоочуларынын саны: 1134

Мандаттын саны: 3. Анын ичинен аял депутаттарына резерв - 1 мандат.

Чек арасы: Э.Сапарбеков, Акмат уулу Амангелди, Т.Жуматаев көчөлөрү.

№ 4 Кара-Жээк, Беш-Терек шайлоо округу (УШК № 4118, 4119)

Борбору: Чаек айылы К.Кудайбергенов № 37 көчөсүндөгү Суу чарба башкармалыгынын (УОС) имараты.

Шайлоочуларынын саны: 1868

Мандаттын саны: 5. Анын ичинен аял депутаттарына резерв - 2 мандат.

Чек арасы: Ш.Айылчиев, Э.Матыев, К.Акиев, К.Кудайбергенова, А.Молдалиев, Р.Абдиев, Т.Алымкулова, М.Жамансариев, Беш-Терек көчөлөрү кирет. Тогуз-Кайрык. Кара-Жээк аймагы.

Көк-Ой айылдык кеңеши (мандаттын саны - 11 мандат, анын ичинен - 4 аялдар үчүн резерв). Калктын саны - 2943

№ 1 Көк-Ой шайлоо округу (УШК № 4121)

Борбору: Көк-Ой айылы, Мунайтпас № 1 көчөсүндөгү Ж.С.Турусбеков атындагы орто мектептин имараты № 1.

Шайлоочулардын саны - 1642

Мандаттын саны: 9. Анын ичинен аял депутаттарына резерв - 3 мандат

Чек арасы: Көк-Ой айылынын калк отурукташкан аймагы жана бөксө кыштоолор толугу менен кирет. Абдрахман, С.Сыдыков, Срапил, Кемел-Ата, Р.Рыспаев, Кооман, Н.Жумагулов, А.Касымбеков, С.Таажиева, К.Мамытбеков, Муңайтпас көчөлөрү.

№ 2 Эмел-Арал шайлоо округу (УШК № 4122, 4123)

Борбору: Кичи-Арал айылы, Ж.Асанбеков н/жок көчөсүндөгү Эмел дүкөнүнүн имараты.

Шайлоочулардын саны: 406

Мандаттын саны: 2. Анын ичинен аял депутаттарына резерв - 1 мандат

Чек арасы: Көк-Ой айыл округунун Кичи-Арал айылынын калк отурукташкан аймагы жана бөксө кыштоолор толугу менен, Көк-Ой айыл округунун Арал айылынын калк отурукташкан аймагы жана бөксө кыштоолор толугу менен кирет. Т.Сакыбаев, Кыргызбай уулу Насымбек Ж.Асанбеков көчөлөрү кирет.