Редакцияот 07.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧУЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2022 -жылдын  7-декабры  № 20/6                                                                          

 

Жергиликтүү салыктарды киргизүү жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын Салык Кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү» 2022-жылдын 18-январындагы №4-мыйзамынын 3-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү » Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Чүй айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.              2023-жылдын 1-январынан баштап Чүй айыл өкмөтү боюнча төмөндөгү жергиликтүү мүлк салыктары жана жыйымдары киргизилсин.

1. Жергиликтүү мүлк салыктары:

1. Турак жай имаратына, курулмага жана жайга мүлк салыгы (турак жай жана турак эмес жай);

2. Турак эмес имаратка, курулмага жана жайга ;

3. Үй жанындагы короо-жайга жана багбанчылык-чарбак жер тилкесинин мүлк салыгы.

4. Айыл чарба жерлерине таандык болгон жер тилкесинин мүлксалыгы;

5. Калктуу конуштардын жерлеринин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин салыгы;

6. Унаа каражатынын мүлк салыгы.

2. Жыйымдар:

1.Таштандыларды ташып чыгаруу боюнча жыйым.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө иши Чүй айылдык кенешинин каржы, экономика жана бюджет комитетинин төрайымы С.Джанузаковага жана Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы С.Сулаймановго тапшырылсын.

Төрага

Р.А.Алиев