Редакцияот 23.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Учкун айылдык кеңешинин XXXI чакырылышы 6-сессиясы

 

2024-жылдын 23-июлу № 3

Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар участкасынын Нарын дарыясы тарабындагы №291,№324 контурларындагы  13 га жер аянтына калктуу конуштуу категориясына которууга чыккан Учкун айылдык кенешинин 2024-жылдын 19-июнундагы №2  токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

 

       Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бектуровдун жана Учкун айылынын айыл башчысы Ж.Исмаиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Учкун айылдык кенеши токтом кылат:

 1. Учкун айылындагы Көк-Жар участкасынын Нарын дарыясы тарабынан №291,№324 контурларындагы  13 га жер аянтына калктуу конуштуукатегориясына которууга макулдук берүү боюнча Учкун айылдык кенешинин ХХХ I чакырылышынын 5-кезексиз сессиясынын 2024-жылдын 19-июнундагы №2 токтому жокко чыгарылсын.

 2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп,http://uchkun.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бектуровго  тапшырылсын.

 

Төрага

 К. Тостоков