Редакцияот 23.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Учкун айылдык кеңешинин XXXI чакырылышы 6-сессиясы

 

2024-жылдын 23-июлу № 5

Атайын каражатка өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

      Учкун айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Абдырасулованын  билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Учкун айылдык кенеши токтом кылат:

1. Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Жашыл-Учкун ” муниципалдык ишканасы ишин банк аркылуу жүргүзгөндүктөн,жергиликтүү бюджетте 14238900 классификациялык эмес төлөмдөр-статьясынан  атайын каражатта каралган 1920,7  (бир миллион тогуз жүз жыйырма  мин жети жүз ) сом акча каражаты кыскартылсын.

2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп,http://uchkun.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бектуровго  жана социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Абдырасуловага  тапшырылсын.

 

Төрага

 К. Тостоков