КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жыйырма экинчи сессиясы
2024-жылынын 29-июлу № 22-3
““Балапан” мектепке чейинки билим берүү уюму жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Ак-Баш айылынын тургундарынын 22-июль 2024-жылдагы жыйындын протоколу жана 22-июль 2024-жылдагы айылдык кеңештин социалдык комитеттин отурумунун протоколун угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ак-Баш айылындагы “Бахрейн-2” социалдык шаарчасындагы курулуп бүткөн социалдык имарат (окуу борбору) толугу менен балдар бакчасына өткөрүлүп берилсин.
- Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Бостон айылындагы жайланышкан “Балапан” балдар бакчасы толугу менен Ак-Баш айылында жайланышкан “Бахрейн-2” социалдык айылындагы бала бакчага көчүрүлсүн.
- Токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковго милдеттендирилсин.
- Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Джороев |