Редакцияот 03.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз жыйырма биринчи сессиясы

 

2024-жылынын 03-июлу № 21-1

 

“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-206-2027-жылдарга киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын 2025-2026-2027-жылдарга болжолу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен бекитилген нормативдик чегерүүлөрдүн негизинде, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-2026-2027-жылдарга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө коомдук угууда каралган сунуштарды эске алуу менен түзүлгөн бюджеттин киреше жана чыгаша долбоорун айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г. Нуруеванын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери атайын каражат менен кошулуп 2025-жылга 44409,0 миң сомго, 2026-жылга 47635,0 миң сомго, 2027-жылга 51701,0 миң сомго бекитилсин.
  2. Бюджеттин баланстуулугун сактоо менен жергиликтүү бюджеттин кирешеси атайын каражат менен кошулуп бюджеттин чыгыша бөлүгүнүн долбоору 2025-жылга 44409,0 миң сомго, 2026-жылга 47635,0 миң сомго, 2027-жылга 51701,0 миң сомго Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин кошундусуна кошуу үчүн жергиликтүү бюджеттин божомолун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Сузак башкармалыгына тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджеттик туруктуу комиссиясынын төрагасы М. Кыдыралиевге жүктөлсүн.
  4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

 

Төрага:

Т.Джороев