ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 27-январы № 33/28-XII
Ысык-Ата районунун Туз айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджетин 2024-2025-жылдарга болгон болжолун жана 2022-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет бекитүү жөнүндө
"Бюджеттик Кодекстин" 102-статьясынын негизинде жана 2023-жылга райондук бюджеттин долбоорун, 2024-2025-жылдарга бюджеттин болжолун, 2022-жылга бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту карап чыгып, Туз айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туз айыл өкмөтүнө берилген 2022-жылга бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет кирешелер боюнча 11496,0 мин сом жана чыгашалар боюнча 13433,3 мин сом суммасында бекитилсин.
2. 2023-жылга киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча бюджет 14942,0 миң сом суммасында бекитилсин, анын ичинде теңдөөчү грант 5728,0 миң сом. 2023-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү киреше булактары боюнча түшүүлөрдүн эсебинен 1-тиркемеге ылайык түзүлөт
3. Кыргыз Республикасынын "Республикалык бюджет жөнүндө" Мыйзамына ылайык. 2023 – жылга салык агенттери тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан пландык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн ченеми – 100%, жер казынасын пайдалануу үчүн салык – 50%, Патенттөө негизиндеги салык-100% бекитилсин.
4. 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин негизги параметрлеринин болжолу 16744,0 миң сом суммасында жактырылсын, анын ичинде в.гранттар 5728,0 миң сом 2025-жылга 17893,8 миң сом суммасында анын ичинде теңдөөчү гранттар кирешелер жана чыгашалар боюнча 5728,0 миң сом.
5. 2023-жылга чыгашаларды каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде, мында биринчи кезекте корголгон беренелер (эмгек акы, Социалдык фондго чегерүүлөр, тамактануу) боюнча жүргүзүлөөрү белгиленсин. Чыгашалардын корголгон беренелери штаттык сандагы бош орундарга жана ченемдик актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн.
6. Туз айыл өкмөтүнүн 1-январь 2023-жылдын жергиликтүү бюджети боюнча 50 миң сом суммасында жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча белгиленсин.
7. Туз айыл өкмөтүнүн башчысына 2023-жылы бекитилген бюджетке кирешелердин болжолдонгон түшүүлөрүнөн ашыкча эркин калдыктын эсебинен өзгөртүүлөрдү жана тактоолорду киргизүү укугу берилсин. Бюджеттик эсеп боюнча эркин калдыктын суммасы 4547,0 миң сом, атайын эсеп 117,0 миң сом..
8. Финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысына жергиликтүү бюджетти аткаруу процессинде, киреше бөлүгү ашыра аткарылганда бул каражаттарды социалдык маселелерди чечүү боюнча КР Президенти койгон милдеттерди ишке ашырууга, Улуттук жана мамлекеттик программаларды, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун, райондук мамлекеттик администрациянын токтомдорун ишке ашырууга, муниципалдык кызматчыларды сыйлоого, ЖӨБОго убактылуу финансылык жардам көрсөтүүгө , башка сатып алууларга жана чыгымдарга пайдаланууну карасын.
9. ФЭБ башчысы финансылык башкарууга 2023-жылга карата чыгымдардын сметасын берсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Туз айылдык Кенешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Туз айылдык Кеңешинин төрагасы | Салтыкеев Б. К |
| Туз айылдык Кенешинин 2023-жылдын 27-январындагы №33 токтомуна тиркеме |
Туз айыл өкмөтүнүн 2022-жылга киреше бөлүгү
Элементтер | Аталышы | сумма |
11111100 | Салык агенти төлөгөн киреше салыгы | 5149,0 |
11121100 | Чакан бизнес үчүн бирдиктүү салык | 0,0 |
11122200 | Ыктыярдуу патент салыгы | 295,0 |
11311200 | 2-топту ишке ашыруу үчүн кыймылсыз мүлк салыгы | 80,0 |
11311300 | 3-топту ишке ашыруу үчүн кыймылсыз мүлк салыгы | 0,0 |
11312200 | Транспорт салыгы | 400,0 |
11321100 | Үй тилкелери боюнча салык | 159,3 |
11321200 | Айыл чарба жерлерин колдонгондугу үчүн салык | 0,0 |
11321300 | Айыл чарба эмес жерлерди колдонгондугу үчүн салык | 150,0 |
11462390 | Жогоруда классификацияланбаган башка металлдар | 33,0 |
14152110 | Калктуу конуштарда жерди ижарага алуу үчун | 162,5 |
14152200 | Жайыт жерлерди колдонуу үчун | 65,0 |
14152600 | МФАЖ жерлерин ижарага алуу | 1817,2 |
14224200 | Таштанды чыгаруу боюнча | 3,0 |
14511400 | Иштеп чыгуу жана тейлөө үчүн чегерүү | 30,0 |
31412100 | Айыл чарба эмес жерлерди сатуу боюнча | 50,0 |
| Теңдөөчү грант | 5728,0 |
14232400 | Мектепке чейинки жана мектеп тарабынан кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө | 820,0 |
| Баардыгы: | 14942,0 |
Туз айыл өкмөтүнүн 2022-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгү
Классификация | Бөлүмдөр | сумма |
70111 | Жалпы мамлекеттик кызматтар | 7111,3 |
70311 | Мыйзам тартип | 20,0 |
70421 | Жайыт комитети | 43,3 |
70629 | Турак-жай комуналдык чарба | 3259,5 |
70821 | Библиотека | 561,2 |
70823 | Клуб | 1374,6 |
70911 | Бала бакча | 756,0 |
70921 | мектеп | 596,1 |
71092 | Социалдык коргоо | 400,0 |
70911 | Атайын эсеп | 820,0 |
| Баардыгы: | 14942,0 |
Эсеп-кысап бөлүмүнүн башчысы | Бектемирова Н. |