Редакцияот 04.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык Кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги кырк төртүнчү сессиясы

2024-жылдын 4-июлу № 199

 Кадамжай шаардык кеңешинин 2024-жылдын 24-майындагы № 193-токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө                                                       

 

Кадамжай шаардык кеңеши Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесине ылайык

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

Кадамжай шаардык кеңешинин 2024-жылдын 24-майындагы № 193-токтомуна төмөнкүчө өзгөртүүлөр киргизилсин:

 

“Кадамжай жайыты” муниципалдык ишканасын ачуу, штаттык бирдигин жана типтүү Уставын бекитип берүү жөнүндө.

 

2024-жылдын 24-майындагы № 193-токтомуна 1, 2-пункттар киргизилип, төмөндөгүдөй болуп окулсун:

 

1.    Кадамжай шаардык мэриясына “Кадамжай жайыты” муниципалдык ишканасын ачууга уруксат берилсин.

2.    “Кадамжай жайыты” муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиги тиркемеге ылайык бекитилсин.

Токтомдун 1-пункту 3-пункт болуп окулуп, төмөндөгүдөй өзгөртүлсүн:  

 

3.    “Кадамжай жайыты” муниципалдык ишканасынын типтүү Уставы бекитилсин.

4.    Токтомдун экинчи пунту төртүнчү пункт болуп окулсун.

 

 

 

 

Кадамжай шаардык

Кеңешинин тѳрагасы:

А.Абдыразаков