Редакцияот 30.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Каргалык айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын

 

2024-жылынын 30-июлу № 45

 

““Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБОну бекитүү”

 

“Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамырованын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,      

              Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын)

кезектеги VII сессиясы

Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

 

  1. “Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө” ЖОБО бекитилсин .

 

  1. Бул токтомду Жалал-Абад областынын юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы, Каргалык айыл өкмөтүнүн башкы адиси - юрист Абдыманбетов Арафатбек Акановичке милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомду аткаруу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы З.Э.Акунова милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

  1. Бул токтомду көзөмөлдөө “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамыровага тапшырылсын.

 

 

Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы :

Т.И. Токтоболотов