Редакцияот 04.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кадамжай шаардык Кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги кырк төртүнчү сессиясы

2024-жылдын 4-июлу № 209

Молдо Нияз көчөсүнө заманбап жабык типтеги бассейин куруу үчүн жер тилкесин даярдоого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесине негиз, Кадамжай шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.    Молдо Нияз көчөсүнө заманбап жабык типтеги бассейин куруу үчүн жер тилкесин даярдоого 1 600 000 (бир миллион алты жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2.    Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.

3.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Кадамжай шаардык

Кеңешинин тѳрагасы:

А.Абдыразаков