Редакцияот 27.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы

2024-жылдын 27-июну № 42

Кара-Бак айылынынСай участкасындагы 51,0 га сугат айдоо жерге суу чыгаруу үчүн каражат бөлүү жөнүндө.

 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ 

1.     Кара-Бак айылынын Сай участкасына көпүрө курууга бөлүнгөн 150 000 сом акча каражатын, Сай участкасындагы 51,0 га сугат айдоо жерге суу чыгаруу үчүн сарптоого макулдук берилсин.

2.     Кара-Бак айылынын 2024-жылдын 3-кварталында жергиликтүү бюджетке түшкөн кошумча кирешенин эсебинен Сай участкасына көпүрө куруу үчүн 150 000 сом акча каражаты ордуна койулсун.

 3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча  туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Айылдык кенештин төрайымы

Ж.Шадиманова