Редакцияот 27.06.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы

2024-жылдын 27-июну № 40

 

 

Кара-Бак айыл  өкмөтүнүн Зардалы айылындагы “Жайлоо” бала бакчасынын башчысынын эмгек акысын төлөп берүү  жөнүндө.

 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ 

1.    Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Зардалы айылында Р. Отунбаеванын демилгеси менен уюштурулган “Жайлоо” бала бакчасынын башчысына 2215-статьядан (түрдүү чыгымдар) 2023-2024-жылдар үчүн 20 000 сом маяна  төлөп берилсин.

 2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча  туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

 

 

 

 

Айылдык кенештин төрайымы

Ж.Шадиманова